Улуттукэнергохолдинг бакшармалыгынын төрагасы Айтмамат Назаров “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын жетекчилиги жана жамааты менен жолугушуу өткөрдү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 22-январь

22-январда “Бишкекжылуулуктармагы” ААКта Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы А. Назаровдун, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы А.Исраиловдун жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын генералдык директорунун катышуусу менен жыйын өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө, 2019-жылдагы“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча отчет каралып, 2020-жылга карата бюджеттин долбоору талкууланды.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын генералдык директору Эркин Абдыкалыков 2019-жыл ичинде оңдоо жана капиталдык курулуштар боюнча мерчемделген иштери толук көлөмдө аткарлыгандыгын белгиледи. Акча каражаттарын чогултуу 100% түздү, дебитордук карыздар 3 млн.сомго азайды. 2019-жыл ичинде “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын эсплуатациялык райондорунун персоналы тарабынан жылуулук тармактарда 311 бузулуулар аныкталып, өз убагында жокко чыгарылган. Жылуулук тармактарда авариялар жана жылуулук жабдууларынын иштебей калышы, өндүрүштүк жаракаттар жана өрт учурлары катталган жок. 

Ошондой эле, Кыргызстанда санариптештирүү жылынын алкагында Улуттук энергохолдинг башкармалыгын төрагасы Айтмамат Назаров “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын ишине киргизилип жаткан Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоонун «Zulu» ГМС санариптүү схемасы тууралуу маалымат алды. «Zulu» гео-маалыматтык системасы жылуулук тармактардын математикалык-эсептик моделин түзө алат. Мында, бир катар маанилүү маселелер чечилет, алардын ичинде гидравликалык эсептер, паспорттоштуруу жана жылуулук кубаттулугунун интерактивдүү картасын түзүү.

Кеңешменин жыйынтыгында, Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасы А.Назаров 2019-жыл үчүн “Бишкекжуулуктармагы” ААКнын отчетун канааттандыраарлык деп кабыл алды жана Бишкек шаарын жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу боюнча аткарыла турган иштерди күчөтүүнү тапшырды.

“Сиздер шаардын ар бир үйү менен байланыштасыңар, ушул себептен жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоонун бардык шарттарын түзүп, техникалык тейлөөлөрдү кылдаттык менен аткарып, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу иштерине маани беришиңер керек”-деп белгиледи Башкармалыктын төрагасы А.Назаров.

 Мындан тышкары, А.Назаров “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын №1 насостук станциясы жана Борбордук диспетчердик пункту менен таанышып чыкты.

Материал менен бөлүшүү