Эсептегич приборлорун текшерүү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 09-январь

Урматтуу абонент!   

       Кыргыз Республикасынын “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө” мыйзамына жана КР Өкмөтүнүн 02.09.2019-жылдын №446 милдеттүү текшерүүдөн өткөрүлүүчү өлчөө каражаттарынын тизмегин жана алардын текшерүүдөн өтүү мөөнөттөрүн бекитүүчү токтомуна ылайык “Бишкекжылуулуктармагы” маалымдайт. Текшерүү мөөнөтүнүн аралыктары төмөндөгүдөй аныкталган: өндүрүштүк суу эсептегичтер – жылына бир жолу, тиричилик суу эсептегичтер – өлчөө каражаттарынын түрүн бекитүү сертификаттарына (бекитүүнү таануу) ылайык, өндүрүштүк жана тиричилик жылуулук эсептегичтер- өлчөө каражаттарынын түрүн бекитүү сертификаттарына(бекитүүнү таануу)  ылайык. 

      Ысык сууну эсепке алуучу прибор (суу өлчөгүч) текшерүүнү билдирме алынгандан кийин, бир айдын ичинде жүргүзүлүшү зарыл. Текшерүү Панфилов 197 дарегиндеги Стандартташтыруу жана метрология борборунда (СМБ) жүргүзүлөт. Абонент билдирмени алгандан кийин, 61-11-69 же 1980 кыска телефон номурлары боюнча “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын кызматкерин чакырып, эсептегич прибордун пломбасын алдырышы керек. Пломбасы алынгандан кийин, орнотмодон ажыратылып, СМБга тапшырылат. Суу өлчөгүч текшерүүдөн жарактуу деп аныкталган учурда, абонент тарабынан кайра ордуна орнотулат, ал эми кийинки колдонууга жарактуу эместиги аныкталган шартта, жаңы, текшерилген суу өлчөгүч приборуна алмаштырылып, приборго пломба коюу жана эксплуатациялоого кайтадан кабыл алуу үчүн “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын кызматкери чакырылат.Өлчөгүч приборун эксплуатациялоого биринчи жолу же кайтадан кабыл алынгандан жана актыга кол коюлгандан баштап, колдонулган суу үчүн эсептөө прибор боюнча жүргүзүлөт. Приборду текшерүүгө же алмашытрууга абоненттке 15 күн убакыт берилет. Өлчөө приборунан пломба алынган учурдан баштап, 15 күн ичинде эсептөө нормативдик чоңдуктар боюнча жүргүзүлөт. Эгерде, эсепке алуучу прибор “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын балансында болсо,  бардык техникалык тейлөөлөргө сарпталган чыгымдарды “Бишкекжылуулуктармагы” ААК өзүнө алат. 

Суу өлчөгүч приборлорун “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын балансына өткөрүү

Ысык суу өлчөгүч приборун (тиричилк) абонент өзү орноткон учурда, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын балансына өткөрүүгө укугу бар, мындай учурда абонентке эсептегич прибордун наркы кайтарылып берилет. Ишкананын балансына өткөрүп берүү жана компенсация алуу үчүн “Бишкекжылуулуктармагы” ААКга төмөнкү документтер көрсөтүлүшү керек:

  • Баланска кабыл алуу жана суу өлчөгүчтүн наркын кайрууга арыз;
  • Суу өлчөгүч приборунун паспортунун көчүрмөсү;
  • Квартира ээсинин паспортунун көчүрмөсү;
  • Товардын наркы көрсөтүлгөн документтин көчүрмөсү, суу өлчөгүчтү сатып алууда берилген квитанция;
  • Эсептегич приборду эксплуатациялоого кабыл алуунун алгачкы же кайталанган актысынын көчүрмөсү.

       Белгилей кетсек, “Бишкекжылуулуктармагы” ААК баланска жарактуу жана текшерилген эсептегич приборлорду кабыл алат. 

Эсептегич прибордун жарактуулугун тастыктоо максатында текшерүүатайын жабдууларда Мамлекеттик стандарттын адистери тарабынан жүргүзүлөт. 

 

Материал менен бөлүшүү