«Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коому 2020-жылды кайрымдуулук иштер менен баштап, Военно-Антоновка айылындагы балдар үйүнө жардам көрсөттү.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2020-ж. 19-январь

Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” указын ишке ашыруу алкагында “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому жылдын башын кайрымдуулук иштер менен  баштап,тамак ичүүгө идиш-аяктар жана жылуу кийимдер алыныпВоенно-Антоновка айылындагы балдар үйүнө жеткирилди. Ошондой эле, ушул айылда, батирди ижарага алып жашап келген эки балалуу,улуу кызынын ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жалгыз бой атага ижаранын төлөмүн төлөө үчүн акчалай жардам көрсөтүлдү. Өз кезегинде, Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилиги жана кыздардын атасы ыраазычылыктарын билдиришти.

Материал менен бөлүшүү