Кыргызстандын энергетика тармактарынын 85 жылдыгына карата Ардагерлер кеңеши “Бишкекжылуулуктармагы” ААКына келишти
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 03-октябрь

Бүгүн, 4-октябрдаКыргызстандын энергетика системасынын 85 жылдыгына карата “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын жетекчилери энергетика тармактарынын ардактуу эс алуудагы ардагерлери менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын генералдык директору Эркин Абдыкалыков ишкананын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, алдыдагы күзгү-кышкы жылуулук берүү мезгилине даярдыктар тууралуу айтып берди.  Ардагерлер жылуулук энергетикасын өнүктүрүү, учурдагы маселелер жана аларды чечүү жолдорун талкууга алышты.

«Республиканынбардык энергетика тармактарынын калыптанышы сиздердин кол астыңарда өткөн. Сиздердин кошкон салымыңыздар чоң. Биз, энергетиканын жаш муундары силердин ишиңерди улантууга ар дайым аракет жасайбыз. Биздин тармактар үчүн сиздердин көп жылдык эмгектериңер үчүн ийилип таазим кылабыз” - деп баса белгиледи Эркин Абдыкалыков.

Ардагерлер кеңеши ишкананын ишмердүүлүгүнө жакшы деген баа беришип, жетекчиликке уюштурулган иш-чара үчүн ыраазылыктарын билдиришти. Иш-чаранын алкагында ардагерлер БЖТнын Борбордук диспетчердик башкаруу пунктуна, №1 насостук станцияга жана курулуп жаткан “Восток” магистралдык жылуулук тармактарына барып, иштери менен таанышып келишти.

Жолугушуунун аягында, ардагерлер “Бишкекжылуулуктармагы” ААКына Кыргызстандын жаратылышы камтылган сүрөттү белек кылышты.

Баса белгилей кетсек, улуу муундардын энергетика тармактарындагы көп жылдык тажрыйбалары бүгүнкү күндүн энергетиктери үчүн баа жеткис мурас болуп эсептелет десек болот.

Материал менен бөлүшүү