Объекттерди жылытуу системасына кошуу тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын маалыматтары
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 03-ноябрь

Бишкек шаарынын мэриясынын 2019-жылдын 31-октябрындагы №235-р буйругуна ылайык 2019-жылдын 1-ноябрында жылуулук берүү мезгили башталды.

4-ноябрдын саат 13-00 карата 202 медициналык жана билим берүү объекттеринин ичинен 171 объектиси, ошондой эле  1895 турак үйлөр (1983 үйдүн ичинен) жылытуу системасына кошулду. Баса белгилей кетсек, жылытуу системасына карызы бар абоненттер акыркы убакта кошулат.

Жылуулук энергиясын циркуляциялык режимде берүү максатында  үйлөрдүн жана имараттардын жогорку кабатында жайгашкан жылытуу приборлорундагы Маев краны аркылуу жылытуу системасынан жел чыгаруу зарылдыгын аткарууну эскертебиз.

Жылытуу системасына байланыштуу суроолор боюнча төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранабыз:

 - (0312) 61-11-69 же 1980 – “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын колл-борбору

 - (0312) 56-85-58 – диспетчердик кызмат

 - 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун  кезметчи инженерлери

 - 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун кезметчи инженерлери, үйдү жылытуу системасына кошууда

Материал менен бөлүшүү