10-кичи районунда жылуулуктун жоктугуна карата түшүндүрмө берүү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 18-ноябрь

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКы 10-кичи району №33 турак үйдүн жылуулук менен камсыздоо системасын комиссиялык курам менен текшерүүнү жүргүздү. 

Так дарек берилбегендиктен, комиссия жогоруда көрсөтүлгөн үйдүн ар бир подъезддеринде кээ бир квартираларда жылуулуктун температурасын өлчөөнү жүргүзүп чыгышты. Текшкерилген квартиралардын ичиндеги абанын температурасы 19-20оС түздү, бул келишимде белгиленген ченемдерге ылайык келет жана тиешелүү акты түзүлүп, жашочулар тарабынан кол коюлду.

Баса белгилей кетсек, келип түшкөн маалымат анонимдүү жактан, так дареги (квартиранын номуру) көрсөтүлбөй берилген. Сураштырууда , арыздануучу аныкталган эмес. Акты түзүүдө, 10 –кичирайонунун №33 турак үйүнүн жашоочулары “Бишкекжылуулуктармагы” ААКына нараазычылыктарын билдиришкен эмес.

10-кичирайонунун №20 үйүнүн кээ бир квартираларында жылуулук температурасынын төмөндүгү тууралуу даттануу боюнча “Бишкекжылуулуктармагы” ААКы төмөнкүлөрдү билдирет. Ишкананын кызматкерлери тарабынан белгиленген үйдүн жер төлөөсүндөгү жылытуу системасынын тик түтүктөрүнүн бекитүү тээктерин алмаштыруу жана ширетүү жумуштарын аткарылгандан кийин, бөлмөлөрдүн ичиндеги абанын температурасы ченемге дал келип, акты түзүлгөн. №24, 28, 32, 36, 40 квартиралардын жашоочуларынын нааразычылыктары жокко чыгарылды.

Жылуулуктун начар берилишин ыкчам түрдө текшерүү жана себептерин аныктоо үчүн “Бишкекжылуулуктармагы” ААК так дарек берүүнү жана телефон номурларын калтырууну суранат.

Материал менен бөлүшүү