Кыргызстандын энергетика тармактарынын 85 жылдыгына карата «Бишкекжылуулуктармагы» ААКындакичи-футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 28-ноябрь

Кыргызстандын энергетика тармактарынын 85 жылдыгына карата «Бишкекжылуулуктармагы» ААКта кичи-футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Иш чарага Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары Т.Айталиев мырза, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын Директорлор кеңешинин мүчөсү К.Беков жана “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын генералдык директору Э.Абдыкалыков жана орун басары У.Раимбеков катышышты.

Кызыл лента кесүү жана ачылыш аземинин расмий бөлүгүнөн кийин, түзүмдөрдүн, кызматтардын арасында ишкананын кубогу үчүн финалддык  турнир болуп өттү. Борбордук район менен Түштүк райондун командаларынын ортосунда кызуу оюн курулуп, унутулгус элес калтырышты. Ошентип, футболдогу беттешүүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунга жана ишкананын өтмө кубогуна  “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын Борбордук району ээ болушту. 

Ошондой эле, “Бишкекжыуулуктармагы” ААКнын кызматкерлери менен “Кетмен” жалданма уюмунун ишкерлеринин ортосунда жолдоштук матч өткөрүлдү.

Материал менен бөлүшүү