“Бишкекжылуулуктармагы” ААК “Дүйнөлүк тазалык күнүнө” арналган республикалык акциянын алкагында бардык түзүмдөрдө ишембилик өткөрдү.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 20-сентябрь

Бүгүн, 2019-жылдын 21-сентябрында “Дүйнөлүк тазалык күнүнө” карата “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коому ишембилик өткөрдү.

Аймактагы санитардык тазалоо Лев Толстой көчөсү боюнча 7-апрель көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки участоктордо жүргүзүлдү.

Ишембиликте “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын кызматкерлери тарабынан 8 тоннадан ашык тиричилик таштандылары, кургап калган курайлар жыйналды, ошондой эле чогултулган таштандыларды алып чыгуу үчүн 2 атайын техника колдонулду.

Ошондой эле, бул күнү ишкананын түзүмдөрүнүн тиешелүү аймактарында да ишембилик жүргүзүлдү.

Баса белгилесек, ишембиликке  “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын 400 кызматкери катышты.

Материал менен бөлүшүү