“Бишкекжылуулуктармагы” ААКта кесиптик –бирлик комиттеттин отчёттук-шайлоо чогулушу өткөрүлдү.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 19-сентябрь

2019-жылдын 18-сентябрында “Бишкекжылуулуктармагы” ачык акционердик коомунда ишкананын кесиптик-бирлик комитетинин отчёттук-шайлоо чогулушу болуп өттү.

Чогулуштун жүрүшүндө “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын кесиптик-бирлик комитетинин 13.09.2017-жылдан 18.09.2019-жылга чейинки мезгилде аткарган иштери боюнча отчету көрсөтүлүп, талкууланды.

Иш-чаранын процессинде кесиптик-бирлик комитетинин жаңы курамы жана төрагасы шайланды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, Уажбекова Роза Муратбековна кайтадан кесиптик-бирлик комитеттин төрайымы болуп дайындалды.

Ишкананын кесиптик-бирлик комитети өзүнүн ишмердигиндеги негизги иштерди так аткаргандыгын белгилешти конференциянын катышуучулары. Комитет уюмдун кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, материалдык жардам берүү, эс алуу иш-чараларын уюштурууга өзгөчө көңүл бурган.

Конференциянын жыйынтыгында, кесиптик-бирлик комитетинин иши канаатандырарлык деп кабыл алынды, ишкананын кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу үчүн бардык эскертүүлөр жана сунуштар эске алынды. 

Материал менен бөлүшүү