«Бишкекжылуулуктармагы» ААКы 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 22-сентябрь

2019-жылдын 20-сентябрь күнү «Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коому Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” Мыйзамдын 30 жылдык мааракесине карата “Мамлекеттик тилде мыкты иш алып барган кызматкер” темасындагы интеллектуалдык таймаш өткөрдү. Таймаштын негизги максаты бөтөн тилдүү кызматкерлер арасында кыргыз тилин билүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтүү, кыргыз тилинде сүйлөө, кыргыз элинин улуттук маданиятын, каада салттарын даңазалоо, улуттар ортосундагы ынтымакты, бейкутчулукту камсыздоо болду.
Таймашта ишкананын бөлүмдөрүнөн түзүлгөн алты команда улуттук каада-салт, маданият, тамак аш боюнча даярдыктарын көрсөтүшүп, кыргыз тилинин тарыхы, калыптанышы жана иш кагаздар жөнүндө суроолорго жооп беришип, таймаш музыкалык ырлардын коштоосунда эң кызыктуу өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын өкүлдөрү катышып, уюштурулган иш-чарага жогорку бааларын беришти.

Материал менен бөлүшүү