«Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын жааматы ишембилик өткөрүштү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 24-март

Салтты уланта, ушул жылдын 23 мартында «Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын кызматкерлери Линейная көчөсү менен Шабдан Баатыр көчөсүнөн Достоевский кесилишинде ишембилик өткөрүштү.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААКнын кызматкерлери жогоруда аталган участокту күндөлүк жана курулуш таштандыларынан тазалашты.
Ишембиликтин жыйынтыгы менен болжолдоп 5 тонна таштанды жыйналган жана 3 даана атайын техника жалданган.

Белгилей кетсек, үчайлык алкагында Бишкек шаарынын аймактарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча ишмебилик өткөрүлгөн.

Материал менен бөлүшүү