Урматтуу абоненттер!
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 03-февраль

Урматтуу абоненттер!

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК  2019-жылдын 4-февралынан тартып  “Мобильник” ЖЧКсынан  төлөмдөрдү кабыл алуу кызматын  өчүрөт.

2019-жылдын январь айынан баштап “Мобильник” ЖЧКсы тарабынан төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча туруксуз иш алып баруу байкалган. Ушуга байланыштуу, “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2019-жылдын 4-февралынан тартып “Мобильник” ЖЧКсы үчүн төлөмдөрдү кабыл алуу кызматын өчүрөт. Бузууларды четтетүүгө чейин абоненттердин “Мобильник” терминалы аркылуу төлөнгөн төлөмдөрү “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын базасында көрсөтүлбөйт.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК  ыңгайсыздык болбос үчүн"QIWI", "Quickpay" терминалдары аркылуу, анын ичинде "Элсом" электрондук капчык аркылуу,  "РСК банк", "KICB", " Оптима банк", "БТА банк", "Дос-Кредобанк",ГП "Кыргызпочтасы" аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнү сунуштайт.

Материал менен бөлүшүү