Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2019-ж. 20-февраль

«Бишкекжылуулуктармагы» ААК 2019-жылы капиталдык курулуш планына ылайык Кулатов көчөсү боюнча Эгембердиев көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки магистралдык жылуулук тармакты реконструкциялоо долбоорун өзүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырууну мерчемдөөдө. Тармактын узундугу – 450м. 500мм болгон 2 диаметриндеги өткөргүч түтүктөр.

Ушул участоктогу жылуулук тармак 39 жылдан бери колдонулуп келет. Эксплутациялоонун нормативдик мөөнөтү 25 жыл. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн долбоордук-сметалык документация иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Курулуш-монтаждоо иштерине уруксат берилген.  Реконструкциялоо  учурунда түтүктөрдү жана бекиткич арматураларды толугу менен алмаштыруу каралууда.

Реконструкциялоонун максаты  – абоненттерди жылуулук менен ишенимдүү камсыз кылуу.Конкурстук торуктардын жол-жоболору өткөрүлгөндөн кийин жана жалданма уюмду тандагандан кийин куруу иштери башталат.

Материал менен бөлүшүү