"Бишкекжылуулуктармагы" ААК Мамлекеттик тил күнүн белгиледи (сүрөттөр)
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 26-сентябрь

"Бишкекжылуулуктармагы" ААК Мамлекеттик тил күнүн белгиледи

«Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коому 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чараны адаттагыдан өзгөчө кылып,  2018-жылдын сентябрь айында болуп өткөн III  Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күч биримдигин, рух биримдигин улантуу максатында бул жылы тил майрамы Кара-Булак этно комплексинде өттү. Иш-чаранын идеясы коомдун кызматкеткерлерин кыргыз элинин, көчмөн калктын улуттук спорт оюндары менен тааныштырып, тил маданиятын, сөз байлыгын сактоо менен гана чектелбестен, улуттук оюндарыбызды да эстен чыгарбай, колго алуу болду.  Программанын биринчи бөлүгүндө кызматкерлер тайпаларга бөлүнүп, жалпыга белгилүү болгон сармерден  сынагы өткөрүлүп, тил жагынан мелдешишти, ал эми экинчи бөлүгүндө аркан тартыш, жолук салмай, таяк тартыш жана башка этностук спорт түрүндөгү  кыргыздын улуттук оюндарында кызуу мелдеш жүрдү.  Таймашуулардын жыйынтыгы ынтымак , достук менен аяктады.  Даярдалган иш-чара максатына жеткендиги ар бир катышуучунун маанайынан көрүнүктүү болду.

Материал менен бөлүшүү