“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын оңдоо бригадасы 2018-жылдын 3-июлунан баштап К.Датка көчөсүндөгү түтүктүн жарылуусун жокко чыгаруу иштерин жүргүзүп жатышат(сүрөттөр)
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 03-июль

“Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын оңдоо бригадасы 2018-жылдын 3-июлунан баштап К.Датка көчөсүндө Фрунзе көчөсү менен Салиева көчөсүнүн ортосундагы жылуулук тармактарды басым менен текшергенден кийин, кайра кетүүчү түтүктөрдөгү жарылууларды жокко чыгаруу иштерин жүргүзүп жатышат.  

Өткөргүч түтүктүн диаметри – 400мм.

Оңдоо жумуштарын аяктоонун болжолдуу мөөнөтү - 2018-жылдын 12-июлу. Жумуштар жакын жайгашкан турак үйлөрдүн ысык суусун өчүрбөстөн жана жол кыймылын жабуусуз жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле, Оңдоо кызматы 2018-жылдын 18-июлунан баштап жылуулук тармактарды сыноодон өткөрүүдөн кийин пайда болгон Чуй пр.-Достоевский көч. кесилишиндеги түтүктөрдүн жарылууларын четтетүү иштерин аткарып жатышат.  Өткөргүч түтүктүн диаметри – 800мм.

 

Материал менен бөлүшүү