“Бишкекжылуулуктармагы” ААК Чокморов көчөсү боюнча жылуулук тармакты реконструкциялоо иштерин баштады
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 09-июль

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК Чокморов көчөсү боюнча жылуулук тармакты реконструкциялоо иштерин баштады 

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2018-жылдын 9-июлунан баштап Чокморов көчөсү боюнча Бейшеналиев көчөсүнөн К.Акиев көчөсүнө чейинки жаңы жылуулук тармакты куруу жана реконструкциялоо боюнча жумуштарын баштады.

Тармактын узундугу - 390 м.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө өткөргүч түтүктөр жана бекиткич арматуралар  толугу менен алмаштырылат.

Реконструкциялоонун максаты – бул жылуулук менен жабдууну ишенимдүү камсыз кылуу жана шаардын батыш тарабынын гидравликалык режимин жакшыртуу.

Азыркы учурда реконструкциялоо жумуштары Бишкек ш. мэриясынын ККБнын ордери боюнча Бейшеналиев көчөсүнөн Ж.Гвардия бульварына чейинки жол участогунун жабылышы менен жүргүзүлүп  жатат.

Курулуштун жалданма уюму - ОсОО «MS Building».

Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү – 90 күн.

Шаар тургундарынан жол жүрүү каттамын алдын-ала пландаштырууну суранабыз.

Материал менен бөлүшүү