“Бишкекжылуулуктармагы” ААК Чокморов көчөсү боюнча Турусбеков көчөсүнөн Уметалиев көчөсүнө чейинки жылуулук тармакты реконструкциялоо боюнча иштерин баштайт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 19-июль

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК Чокморов көчөсүндөгү жылуулук тармакты реконструкциялоо боюнча иштерин баштайт.

 

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2018-жылдын 21-июлунан баштап Чокморов көчөсү боюнча Турусбеков көчөсүнөн Уметалиев көчөсүнө чейинки жылуулук тармакты реконструкциялоо иштерин  баштайт.

Тармактын узундугу - 350 м.

Курулуш иштеринин жүрүшүндө өткөргүч түтүктөр жана бекиткич арматуралар  толугу менен алмаштырылат.

Реконструкциялоонун максаты – бул жылуулук менен жабдууну ишенимдүү камсыз кылуу.

Реконструкцияло убагында Бишкек ш. мэриясынын ККБнын ордери боюнча Чокморов көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Уметалиев көчөсүнө чейинки участогу жабылат.  

Курулуштун жалданма уюму - ОсОО «MSBuilding».

Курулуш иштеринин жалпы мөөнөтү -80 күн

Шаар тургундарынан жол жүрүү каттамын алдын-ала пландаштырууну суранабыз.

Материал менен бөлүшүү