Урматтуу абоненттер!
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 31-июль

Урматтуу “Бишкекжылуулуктармагы ААКнын абоненттери!

Акыркы учурда “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын Call-борборуна айдын 25-числосунан кийин ысык суунун көрсөтүүсүн берүү үчүн телефон чалуулардын саны көбөйүп кетти. Айдын 25-числосунда жалпы база кабыл алынган маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн жабылат жана суу өлчөгүчтүн көрсөтүүсүн базага киргизүү техникалык жактан мүмкүн эмес. Мындай учурларда абоненттер нааразычылыгын билдирүүдө Call-борборунун операторлоруна одоно сүйлөшүп, тилдеп, акарат кылышат.

Ушундан улам, ысык суу өлчөгүчтүн көрсөтүүсүн кабыл алуу ар бир айдын 20сынан 25-числосуна чейин (0312) 61-11-69 телефон номери же 1980 кыска номери аркылуу жүргүзүлөрүн эскертебиз.

Түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн абоненттерден ысык суу өлчөгүч приборунун көрсөтүүсүн белгиленген убакытта берүүнү суранабыз.

Call-борборуна келип түшкөн бардык чалуулар автоматтуу түрдө жазылып турат.

Ошондой эле, “Бишкекжылуулуктармагы” ААК Telegram колдонмосу аркылуу ысык суу өлчөгүч приборунун көрсөтүүсүн кабыл алат.

Бот менен колдонуу  үчүн алгач Telegram мессенджеринин издөө баскычына боттун аталышын teploseti_bot  деп жазып, таап, ага кошулуу керек. Ресурс  күнү-түнү иштейт жана автоматтуу режимде керектүү маалыматтарды берет.  

        Көрсөтүлгөн мессенджерди колдонбогон абонетттер үчүн http://data.teploseti.kgдарегиндеги жеке кабинет менен колдонуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин да эскертебиз.

Абоненттерге ыңгайлуулук жаратуу максатында “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын бардык райондор боюнча (Свердлов, Октябрь, Ленин, Биринчи май) келишим түзүү бөлүмдөрү Москва көчөсү, 160 дарегиндеги Сатуу борборунда жайгаштырылган. Келишим түзүү, узартуу же кайра тариздөө үчүн көрсөтүлгөн дарек боюнча кайрылсаңыздар болот.  

Материал менен бөлүшүү