Жылуулук тармактардын оңдоо иштерине байланыштуу Ч.Айтматов, Ажыбек Баатыр, Джунусалиев, Жаңы көчөлөрүнүн тургундарына ысык суу берүү убактылуу токтотулат
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 01-август

Ч.Айтматов көчөсүнүн алдындагы түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу 2018-жылдын 2-августунда саат 13.30да Ч.Айтматов, Ажыбек Баатыр, Джунусалиев жана Жаңы көчөлөрү менен чектелген райондо керектөөчүлөрдү ысык суу менен камсыз кылуучу жылуулук тармак өчүрүлдү.

Түтүктөрдү алмаштыруу боюнча жумуштар түнү бою жүргүзүлөт, көрсөтүлгөн райондо ысык суу менен камсыздоону калыбына келтирүүнүн пландалган убактысы -  2018-жылдын 3-августу, саат 11:00дө.

Шаар тургундарынан убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз.  

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2018-жылдын 1-августунан баштап Джаманбаев көчөсү боюнча жана Республикалык кан куюу борборунда (Айни көч.түштүк жакка) Ч.Айтматов проспектисинин алдында эскирген жылуулук тармактарын алмаштыруу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгын эскертет.  

Материал менен бөлүшүү