“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2018-жылдын 25-апрелинде саат 10.00дө акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өткөрүлөрүн маалымдайт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 06-апрель

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 

2018-жылдын 25-апрелинде саат 10.00дө

Бишкек ш., Жукеев-Пудовкин көч., 2/1 дарегинде

АКЦИОНЕРЛЕРДИН ЖЫЛДЫК ЖАЛПЫ ЧОГУЛУШУ ӨТКӨРҮЛӨРҮН МААЛЫМДАЙТ.

                                   

                                                         Күн тартибинде:

 

  1. Эсептөө комиссиясынын курамы жөнүндө;
  2. 2017-жыл үчүн Коомдун финансы-чарбалык ишинин жыйынтыктары тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;
  3. 2017-жыл үчүн Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусу жөнүндө;
  4. Текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө;
  5. 2017-жыл үчүн Коомдун бюджетинин аткарылышы тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;
  6. 2017-жыл үчүн Коомдун жылдык балансы, кирешелери жана чыгашаларынын эсеби жөнүндө;
  7. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Коомдун кирешелерин бөлүштүрүү тартиби жөнүндө;
  8. 2018-жылга карата Коомдун жылдык бюджети жөнүндө;
  9. 2018-жылга карата Коомдун көз карандысыз аудиторун жана ага төлөнүүчү кызмат акынын өлчөмүн бекитүү;
  10.  Коомдун жаңы редакциядагы Уставынын бекитүү жөнүндө;
  11.  “Коомдун Директорлор кеңеши тууралуу” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
  12.  “Коомдун Генералдык дирекциясы тууралуу” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө;
  13.  Коомдун Директорлор кеңешинин курамы жөнүндө;
  14.   Коомдун Текшерүү комиссиясынын курамы жөнүндө;
  15.  Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (МАР) ортосунда түзүлгөн Каржылоо жөнүндө макулдашуунун алкагында 31 млн АКШ доллары суммасындагы Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу долбоору боюнча Дүйнөлүк банктан кредиттик каражаттарды тартуу боюнча ири келишимди жактыруу жөнүндө.

 

Акционерлердин тизмесин түзүү күнү – 2018-жылдын 30-марты

Акицонерлерди каттоонун мөөнөтү саат 9.00дөн 10.00гө чейин.

  Чогулуштун материалдары менен “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын жана “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКнын имаратынан 223-бөлмөдөн таанышууга болот. тел.: 0312560142

 

Материал менен бөлүшүү