"Бишкекжылуулуктармагы" ААК боюнча учурдагы абал тууралуу маалымат
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2018-ж. 27-январь

2018-жылдын 26-январында кечки саат 6ларда Шаардык Жылуулук Борборунда эски бууказандарындагы толуктоочу суу берүү жабдууларынын иштен чыгышынан жылуулук жүктөм төмөндөтүлгөн. Тармактык суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн.

Азыркы тапта Бишкек шаарындагы жылуулук тармактар көрсөтүлгөн гидравликалык режимде иштеп жатат, бардык насостук станциялар жана жылуулук пунктар иш абалында, циркулялиция жүрүп жатат, магистралдык жана бөлүштүрүүчү тармактарда бузулуулар жок. Аба ырайынын кескин төмөндөшүнө байланыштуу ишканада 15 ыкчам-оңдоо бригадасы күнү-түнү иштөөчү кезметте.

Учурда ЖЭБде тармактык суунун температурасы акырындан көтөрүлүүдө. ЖЭБ-1 жиберилүүчү суунун ортоңку температурасы +50оС до +61оС түздү,  температауранын өсүшү өткөн күндөргө салыштырмалуу 11оС түздү. Температуранын көтөрүлүшүнө жараша гидравликалык режимди жөнгө салуу жүргүзүлүп турат.

Жылуулук менен камсыздоонун абалы биринчи кезекте ЖЭБ-1 районуна жакын жайгашкан үйлөрдө, андан кийин шаардын борбордук жана чыгыш жактарында калыбына келет. Жылуулук булагынан алыста болгондуган түштүк, түштүк-батыш жана батыш жактарда жылуулук кеч жеткирилет.

Жаратылган кырдаалга байланыштуу жылуулук энергиясына карата кайтадан эсептөө жүргүзүлөт. Кайтадан эсептөө КР Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин Аткаруу кеңешинин 24.09.2002-ж. №151-п токтому менен бекитилген “Имараттардын жылуулук жана электр энергиясын пайдалануу эсеби боюнча ыкманын” негизинде жүргүзүлөт. Сатуу борборунун кызматкерлери абоненттердин үйлөрүндө ички темптератураны өлчөп жатышат.

“Бишкекжылуулуктармагы” ААК мүмкүнчүлүккө жараша үйлөрдүн терезе эшиктерин жылуулап, жылытуу системасынан сууну агызуу иштерин жүргүзүүдөн баш тартууну суранат.

Суроолор боюнча колл- борборуна 1980 жана 61-11-69 телефон номурлары аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Материал менен бөлүшүү