Эгерде температура +18градустан төмөн болгон учурда жылытуу үчүн кайтадан эсептешүү жүргүзүлөт.
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2017-ж. 08-декабрь

Бишкек шаарында жылуулуктун толук жеткирилбегендиги үчүн кайтадан эсептешүү, эгерде имараттын температурасы +18 градустан төмөн болгон учурда жүргүзүлөт.

Бул маалымат тууралуу «24.kg»МАга “Бишкекжылуулуктрамагы” ААКы билдирди. Калкты жылуулук менен камсыздоонун типтүү келишимине ылайык керектөөчү 1 күндөн ашык убакытта жылуулук энергиясынын толук жеткирилбеген (имараттын ичиндеги температура +18 градустан төмөн) учурунда кайтадан эсептешүүнү жүргүзүүнү талап кыла алат.

Бул максатта өз районуңардын абоненттик бөлүмүнө арыз менен кайрылып, кайтадан эсептешүүнү аткаруу негизинде тийиштүү акт түзүүгө контролёр чакыруу зарыл.

Жылуулук энергиясынын толук жеткирилбегендигин аныктоо жана жоюу үчүн техникалык кызматка 61-11-69 жана 1980 телефон номерлерине табыштама калтыруу керек.

Бишкек шаарынын айрым турак үйлөрүндө жылуулук энергиянын нагыз чыгымдарын аныктоочу жылуулук эсептегичтери орнотулган.

Акыркы убакта тургундар батареялар муздак деп даттанышып, аларга кайтадан эсептешүүнү жүргүзүүнү талап кылышкан. 

 

Материал менен бөлүшүү