Кыргызстандын 5 ширетүүчү мастерлери Кытайдагы эл аралык конкурста эң мыкты деп тандалды
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2017-ж. 16-ноябрь

Кыргызстандын 5 ширетүүчүсү Кытайдагы эл аралык конкурста эң мыкты деп тандалып алынды. Бул тууралуу Кыргызстандагы тоо кен-металлургиялык БК төрагасы Эльдар Таджибаев билдирди. Анын айтуусунда, кызматташуунун Шанхай уюмунун мүчө-мамлекеттеринин арасында ширетүү боюнча биринчи эл аралык конкурсу Ланфан (Кытай) шаарында 2017-жылдын 4-ноябрынан 14-ноябрына чейин болуп өттү. Конкурс аргондук, электр жаасы жана жарым автомат менен ширетүү боюнча өткөрүлдү. 14 өлкөнүн ичинен бардыгы 58 ширетүүчү катышты. “Бул жогорку иш-чарада Кыргызстандын ширетүүчүлөрү биздин өлкөнү татыктуу көрсөтүштү”, – деп баса белгиледи Таджибаев. Кыргызстандан 5 ширетүүчү мастери ар кандай аталмадагы байге орундарына ээ болгондугун айтып кетти.  “Алтынкен” ЖЧК кызматчысы Салыбаев К. коло медал, “Бишкекжылуулуктармагы” ААКтан – Ишбаев А., “Бишкеккурулуш” ААКтан Клепачев В. жана “Фулл Голд Майнинг” ЖЧКдан Шерматов С. күмүш медал алышты. “Абдыш-Ата”ЖЧКнын электр ширетүүчүсү Ю.Гончаренко алтын медал алды.

Кыргыз Республикасынын Профсоюздук федерациясынын техникалык инспекция башчысынын айтуусунда конкурс эң жогорку деңгээлде болуп өттү, конкурстан тышкары лекциялар, тренингдер жана семинарлар өткөрүлдү. Ар кандай өлкөлөрдүн ширетүүчүлөрү тажрыйбалар менен бөлүшүп, ширетүү технологиялары, жаңы жабдуулар жана ширетүүчү материалдар менен таанышышты. Бул иш-чара катышуучулар үчүн абдан пайдалуу болду, жана кытай шериктештерибизге конкурсту уюштургандыгы жана чакыргандыгы үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз”,- деп Тыныбеков сөзүн аяктады.  

http://kabar.kg/news/piat-svarshchikov-iz-kr-stali-luchshimi-na-mezhdunarodnom-konkurse-v-kitae/

Материал менен бөлүшүү