"Бишкекжылуулуктармагы" ишканасы Курманжан датка көчөсүндө жолду жарым-жартылай тосуу менен оңдоо иштерин жүргүзүүдө
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 24-июнь


Бүгүн, 2024-жылдын 24-июнунда келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылуулук жана ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан жылуулук тармагынын тилкесинде авариялык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жылуулук тармагынын Курманжан Датка көчөсүнүн Чүй проспектиси менен Огонбаев көчөсүнүн ортосундагы, ошондой эле Фрунзе менен Салиева көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Эскерте кетсек, жылуулук тармагынын бул участоктору 1984-жылы ишке киргизилип, эксплуатациялык мөөнөтүнөн ашып кеткен.
 
Оңдоо иштерине байланыштуу Курманжан Датка көчөсүндө унаа кыймылы жарым-жартылай чектелет. “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы айдоочуларды каттамдарын алдын ала пландаштырып, зарыл болгон оңдоо иштеринин натыйжасында келип чыккан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

 

Материал менен бөлүшүү