Урматтуу абоненттер!
Бишкек шаарынын мэриясынын 18.03.2019-ж. №58-р буйругуна ылайык “Бишкекжылуулуктармагы” ААК 19-март күнү жылуулук берүү мезгилин ийгиликтүү аяктады. Бул чечим март айындагы жылуу аба-ырайына жана сырткы абанын температурасына ылайык кабыл алынган.
«Бишкекжылуулуктармагы» ААК 2019-жылы капиталдык курулуш планына ылайык Кулатов көчөсү боюнча Эгембердиев көчөсүнөн Логвиненко көчөсүнө чейинки магистралдык жылуулук тармакты реконструкциялоо долбоорун өзүнүн каражаттарынын эсебинен ишке ашырууну мерчемдөөдө.
“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2019-жылдын 4-февралынан тартып “Мобильник” ЖЧКсынан төлөмдөрдү кабыл алуу кызматын өчүрөт.
Сиздерди кирип келе жаткан 2019-Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз. Жаңы жылды карызы жок тосуп алуу үчүн "Бишкекжылуулуктармагы" ААК жылуулук энергиясы жана ысык суу үчүн төлөмдү өз убагында жүргүзүүнү суранат.
«Бишкекжылуулуктармагы» ачык акционердик коому 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чараны адаттагыдан өзгөчө кылып, 2018-жылдын сентябрь айында болуп өткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын күч биримдигин, рух биримдигин улантуу максатында бул жылы тил майрамы Кара-Булак этно комплексинде өттү.
2018-жылдын 15-сентябрында "Бишкекжылуулуктармагы" ААКнын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. 200дөн ашык адам катышып, 7 машина таштанды чыгарылды. Достоев көчөсү боюнча Бишкек ш. ЖЭБинен Чүй проспектисине чейинки аймакта тазалоо иштери аткарылды.
2018-жылдын 14-сентябрында 27.06.2018-ж. №247 буйругуна ылайык Өндүрүштүк-окутуу пунктунда Сатуу борборунун кызматкерлери аттестациядан өтүштү.
Жылуулук тармактардын оңдоо иштерине байланыштуу Ч.Айтматов, Ажыбек Баатыр, Джунусалиев, Жаңы көчөлөрүнүн тургундарына ысык суу берүү убактылуу токтотулат
Акыркы учурда “Бишкекжылуулуктармагы” ААКнын Call-борборуна айдын 25-числосунан кийин ысык суунун көрсөтүүсүн берүү үчүн телефон чалуулардын саны көбөйүп кетти.