Көңүл буруңуздар! «Бишкекжылуулуктармагы» МИнин Түштүк районунун абоненттик бөлүмүнүн дареги убактылуу өзгөрөт.
Материал менен бөлүшүү
Абдрахманов көчөсү, 99 дарегинде оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын Түштүк районунун абоненттик бөлүмү убактылуу башка дарекке көчөт.
13-майдан тарта жарандарды кабыл алуу жаңы дарек боюнча жүргүзүлөт: Жукеев-Пудовкин көчөсү, 2/1.
Абоненттик бөлүмдүн иштөө тартиби:
дүйшөмбү – бейшемби: 07:30дан 16:30га чейин;
жума: 07:30дан 15:30га чейин;
түшкү тыныгуу: 11:30дан 12:30га чейин;
ишемби, жекшемби — эс алуу күндөрү.
Абоненттерден келүү убактысын пландаштырууда даректин жана иштөө тартибинин убактылуу өзгөргөндүгүн эске алууну суранабыз.
Кошумча маалымат зарылчылыкка жараша берилип турат.
Материал менен бөлүшүү



