2025-2026-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү: Бишкек шаарынын мэринин орун басары “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын объекттери боюнча жеринде текшерүү иштерин жүргүздү
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2025-ж. 28-апрель

 

Бүгүн, 2025-жылдын 28-апрелинде 2025-2026-жылдардагы жылуулук берүү мезгилине даярдык көрүү алкагында Бишкек шаарынын мэринин орун басары Таалайбек Байгазиев “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын объекттерин текшерүү максатында кыдырып чыкты.

Алгач Осмонкул көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде курулуп жаткан №3 насостук станциясынын курулуш иштеринин жүрүшү текшерилди. Бүгүнкү күндө объекттин аймагында имараттын корпусу тургузулуп, жер казуу жумуштары аткарылып, курулуш иштери толук жүрүүдө.
«Оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат, кечигүүлөр жок», — деп билдирди “Бишкек жылуулук тармагы” МИнин директорунун орун басары Шаршенбек Сарыкеев.

Ошондой эле, мэрдин орун басары Курманжан Датка, Фрунзе жана Медеров көчөлөрүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Текшерүү учурунда Таалайбек Байгазиев оңдоо иштеринин ылдамдык менен аткарып, жумуштарды дем алыш жана майрам күндөрү да токтотпостон улантуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Быйыл оңдоо иштери жол катмарын жаңыртуу иштери менен бир катар комплекстүү жүргүзүлүп жатат. Ишке жалданма уюмдар тартылган, ал эми жумуштардын бир топ бөлүгү ишкананын өз каражаттарынын эсебинен аткарылууда. Быйылкы гидравликалык сыноолор учурунда жылуулук түтүктөрүндө 40ка жакын бузулуулар аныкталып, алар ысык суу берүү башталганга чейин оңдолот. Мындан тышкары, “Бишкек жылуулук тармагы” муниципалдык ишканасы жылуулук тармактарын реконструкциялоо аркылуу жабдуулардын эскирүү деңгээлин 3 пайызга төмөндөтүүгө жетишти, азыркы учурда бул көрсөткүч 69,7 пайызды түзөт. Белгилей кетүүчү нерсе, тариф көтөрүлгөндөн түшкөн бардык кошумча каражаттар жылуулук тармактарынын жабдууларын сатып алууга жана оңдоого гана багытталууда», — деп белгиледи Таалайбек Байгазиев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Материал менен бөлүшүү