Бишкекте 21-апрелде ысык суу өчүрүлөт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2025-ж. 17-апрель

Бишкек шаарында 2025-жылдын 21-апрелинен 31-майына чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ысык суу өчүрүлөт.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.
Өчүрүү жыл сайын профилактикалык иштерин жана жылуулук жабдууларын, отканаларды, жылуулук тармактарын, жылуулук керектөө системаларын жылытуу мезгилине сапаттуу жана өз убагында даярдоону камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.
Алсак, Бишкек шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, «Бишкекжылуулукэлектроборбору», «Бишкекжылуулукэнерго», «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканаларына «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканасынын жылуулук жабдууларын, отканаларды жана жылуулук тармактарын ысык суу менен камсыздоону токтотуу тапшырмасы берилди.
Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондор боюнча муниципалдык администрациялары, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин ведомстволук уюмдардагы жылуулук тармактарын оңдоо иштерин белгиленген мөөнөттө жүргүзүүнү камсыз кылышы зарыл.
Урматтуу шаардыктар, борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарынын мэриясы жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Материал менен бөлүшүү