Штаб Бишкек шаарынын метеорологиялык болжолдоосун эсепке алуу менен жана тышкы абанын температурасын, жакынкы күндөрдө анын өзгөрүү динамикасын эске алуу менен, борбор калаада жылытуу мезгилин 2024-жылдын 22-октябрынан баштоо чечимин кабыл алды.
Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев кол койгондугун белгилейбиз.
Ушуга байланыштуу шаар тургундарын төмөнкүдөй иш-аракеттерди көрүү зарылдыгына көңүл бурууну суранабыз:
1. Жылуулук системасын оңдоп жаткан учурда, кокустан ташкындаган суудан сактануу үчүн , төмөндө көрсөтүлгөн телефондорго чалыңыз.
2. Жылытуу системасын ишке киргизгенден кийин, батирлердин үстүнкү кабаттарында жашоочулары, жылуулук берүүчү орнотмолордо атайын аба чыгаруучу тетиктер аркылуу абаны чыгаргыла. Бул тетиктер иштебесе, аларды алмаштыруу зарыл.
3. Жылуулукту чыгарбай кармап туруу үчүн терезе менен эшиктин тешиктерин жылуулагыла.
Объекттерди жылуулук системасына кошуу бир нече күнгө созулат. Жылуулук биринчи кезекте социалдык объектилерге – мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет.
Жылуулук менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар:
Керектөөчүлөрдү колдоо борбору:
(0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;
Диспетчердик кызмат:
56-85-58;
Борбордук райондун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери:
36-57-19, 30-07-67;
Түштүк райондун үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери:
51-06-22, 21-74-06.