“Бишкек жылуулук тармагы” Муниципалдык ишканасы 2024-жылдын 18-октябрында Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Тил тагдыры- эл тагдыры” аталыштагы шаардык кароо-сынакка катышып биринчи орунга ээ болушту.
Бул муниципалдык мекеме-ишканалардын катышуусунда өткөрүлгөн сынакка биздин ишкананын райондурунун, кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышып, өз өнөрлөрүн мыкты дэңгээлде көрсөтүштү.
Алар:Борбордук эксплуатациялоо районунун №2 участогунун мастери Чороев Руслан , ушул эле участоктун жылуулук тармагынын слесары Көлүбай уулу Бекмамат, Түштүк райондун №2 участогунун ҮИС боюнча мастери Турусбек уулу Эрик, Байланыш жана электрдик чарба кызматынын электрмонтёру Кожобеков Чынгыз, Борбордук эксплуатациялоо районунун №1 участогунун ширетүүчүсү Каныбек уулу Саламат жана катчы-референт Акматова Эркинай.
Бул иш-чарага даярдыкты уюштурган мамлекеттик тил адиси Рахимова Тынара Касеновнага, жетекчиликке , күйөрмандарга жана көмөк көрсөткөн бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдиребиз жана албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! Бишкек жылулуулук тармагы өзүнүн кызматкерлери менен ар дайым сыймыктанат!