«Бишкекжылууктармагы» жеке жылуулук пункттарын модернизациялоону улантууда
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 13-сентябрь

Бүгүн, 2024-жылдын 13-сентябрында “Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун алкагында, ошондой эле күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында Бишкек шаарында элеватордук түйүндөрдү модернизациялоо уланууда. Жалпысынан 1825 жылуулук түйүндөрүн жаңылоо пландаштырылууда, бул Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоонун сапатын жана ишенимдүүлүгүн кыйла жакшыртат.


Бүгүнкү күндө 1390 жылуулук түйүнү жаңыланды. Модернизациялоодо заманбап автоматтык жабдуулары жана эсепегич приборлор орнотулуп, жылуулук энергиясын факты боюнча керектелгендигин аныктап, бирдей бөлүштүрүүгө жана шаардын бардык тургундарын сапаттуу жылуулук менен камсыздоого шарт түзүлүүдө.


“Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу” долбоору Бишкек шаарында ишенимдүү жана эффективдүү жылуулук менен камсыздоо системасын түзүүгө багытталган. Жылытуу агрегаттарын модернизациялоо эксплуатациялык чыгымдарды, жылуулук жоготууларын азайтып, бардык керектөөчүлөр үчүн ыңгайлуулук жаратат.

 

 

 

 

 

Материал менен бөлүшүү