Көңүл бургула! Ысык суу убактылуу өчүрүлөт
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 11-сентябрь
Бүгүн, 2024-жылдын 11-сентябрында, «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү максатында төмөнкү даректерде оңдоо иштерин өткөрөт. Буга байланыштуу ысык суу берүү убактылуу өчүрүлөт.
 
 
- Ж.Абдырахманов көчөсү, 214;
- Жумабек көчөсү, 123;
- Баетов көчөсү, 74, 75, 81, 85-үйлөр;
- К.Тыныстанов көчөсү, 138, 144-үйлөр;
- Эркиндик бульвары, 71, 73-үйлөр;
- Жибек-Жолу пр., 413;
- Тыныстанов көчөсү, 285, 285а үйлөрү;
- Абдырахманов көчөсү, 230.
Белгилей кетсек, оңдоо иштери саат 18:30га чейин уланат.
«Бишкек жылуулук тармагы » муниципалдык ишканасы өчүрүүлөрдөн улам келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү жана чыдамкайлык көрсөткөнүңүз үчүн ыраазычылык билдирет.
Алдыдагы күз-кыш мезгилинде ишенимдүү жана сапаттуу жылуулук менен камсыздоо үчүн инфраструктураны калыбына келтирүү жана жакшыртуу боюнча иштер зарыл.
Материал менен бөлүшүү