Оңдоо иштерине байланыштуу Гоголь көчөсү жарым-жартылай жабылат
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 07-май

Алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында «Электр станциялар» ААКтын филиалы – «Бишкекжылуулуктармагы» 2024-жылдын 8-майынан тартып темир жол линиясынан Москва көчөсүнө чейинки Гоголь көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялонуу баштайт .

Гоголь көчөсүндөгү эскилигине жеткен түтүктөр жаңы 400 мм диаметрдеги узундугу 420 метр түтүктөргө алмаштырылат.
Эскерте кетсек жылуулук тармагынын бул бөлүгү 1979-жылы колдонууга берилип, 45 жылдан бери иштеп келген.

Жаңыланган тармактар жылуулук менен эффективдүү камсыз кылып, бүтүндөй системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Белгилей кетсек, реконструкциялоо ишкананын өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө.

“Бишкекжылуулуктармагы” жолдогу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алып, жол каттамын алдын-ала пландаштырууну суранат.

Материал менен бөлүшүү