Бишкек шаарын 7-Апрель көчөсүндө «Чыгыш» магистралдык жылуулук тармагы реконструкцияланууда
Материал менен бөлүшүү
Жарыяланган: 2024-ж. 26-апрель

Бүгүнкө күндө Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу»долбоорунун алкагында 7-Апрель көчөсүндө «Чыгыш» IV комплексинин магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо боюнча курулуш иштери жүрүп жатат. Бул объект 2023-жылдагы Чыгыш I-lll ишке киргизүүчү комплекстеринин уландысы.
Узундугу 764 метрди түзгөн 700 мм диамтериндеги түтүктөр 900 мм түтүктөрүнө алмаштырылат.

Учурда иштин олуттуу этаптары аткарылды. Жер казуу иштери 30 пайызга аткарылды, 250 метр лоток жана 150 метр түтүктөр демонтаждалган. Жаңы лотокторду жана түтүктөрдү орнотуу иштери башталды.

Долбоордун негизги жетишкендиктеринин бири – бул 30 жылдан ашык эксплуатацияланып келе жаткан эски жылуулук тармагын, ППУ изоляциясы менен жасалган диаметри 900 мм болгон жаңы жылуулук тармагына алмаштыруу. Жаңыртылган тармактар эффективдүү жылуулук берүүнү камсыздайт жана бүтүндөй системанын ишенимдүүлүгүн жогорулатат.

Бул реконструкциялоо иштерин жүргүзүү эскирген түтүктөр нормативдик эксплуатациялоо мөөнөтүнөн ашып кеткендигине байланыштуу зарыл экендигин белгилей кетүү маанилүү.

 

 

 

 

 

Материал менен бөлүшүү