“Бишкекжылуулуктармагы” ААК 2020-жылдын 11-августунда саат 9:00дө акционерлердин жылдык жалпы чогулушу өтө тургандыгын маалымдайт. Дареги: Бишкек ш., Жукеев-Пудовкин көчөсү 2/1
Өткөрүү формасы– ачык.
Күн тартиби:
1. Эсептөө комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө;
2. 2019-жыл үчүн Коомдун финансылык-чарбачылык ишмердиги тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;
3. 2019-жыл үчүн Коомдун көз карандысыз аудиторунун корутундусу жөнүндө;
4. 2019-жыл үчүн Коомдун текшерүү комиссиясынын корутундусу жөнүндө;
5. 2019-жыл үчүн Коомдун бюджетинин аткарылышы тууралуу Генералдык дирекциянын отчету жөнүндө;
6. 2019-жыл үчүн Коомдун жылдык балансы, киреше жана чыгаша эсептери жөнүндө;
7. 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча Коомдун кирешесин бөлүштүрүү тартиби жөнүндө;
8. 2019-жыл үчүн Директорлор кеңешинин отчету жөнүндө;
9. 2020-жылга карата Коомдун жылдык бюджети жөнүндө;
10. Коомдун Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө;
11. Текшерүү комиссиясынын мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө
Акционерлерди каттоо убагы – саат 08-00дөн 09-00гө чейин.
Акционерлердин тизмегин түзүү күнү–10- июль, 2020-жыл.
Чогулуштун материалдары менен Бишкек шаары, Жукеев-Пудовкин көчөсү 2/1 дареги боюнча акционердик коомунан жана Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү 119 дареги боюнча Коомдун корпоративдик катчысынан алып, тааныша аласыздар.